Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга үй салынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарга үй салынууда

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн алгачкы эки үйдүн курулушуна капсула салынды.

Муну менен катар социалдык объектилер дагы курулуп жатат. Алар буга чейин жеке турак жайларды жана социалдык объектилерди куруу үчүн трансформацияланган Бурган-Суу участкасында салынууда.

Эки кабаттуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Ал 275 окуучуга ылайыкталган. Аны сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Трансформацияланган 30 гектар жерге 127 үй-бүлөгө үйлөр курулат.