Жаңылыктар
Талапкер добуштарды сатып алган деп шектелүүдө
Коррупция
Талапкер добуштарды сатып алган деп шектелүүдө

Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Сариев добуштарды сатып алган деп шектелүүдө.

Бул тууралуу УКМК билдирди. «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» боюнча каралган кылмыштын негизинде иш козголгон.

Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында талапкер жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, шайлоочуларды ташуу түрүндөгү далилдер алынды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар БШКнын кароосуна жөнөтүлөт.