Президент Мишель Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында уюштурулган «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Экинчи саммитине катышуу үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келет.
“Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Саммити Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана
ЕБнин лидерлери менен биргеликте Борбордук Азия менен Евробиримдик
ортосундагы аймактык кызматташтыктын келечегин, ошондой эле аймактык жана эл
аралык окуяларды талкуулоону көздөйт.
Саммитке Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан
Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын
Президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин
Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышат.
Өз сапарынын алкагында президент Мишель Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери
менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү. Ал 3-июнда Кыргызстанга болгон
расмий иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү
өткөрөт. Тараптар эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин
талкуулашмакчы.