Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы калаадагы селсаяктарды туугандарына өткөрүп берүү аракетин баштады. Милиция кызматкерлери 27-28- октябрда рейдке чыгып, 70тен ашык үй жайсыздарды кармап, кабыл алып, бөлүштүрүү жайына киргизди. Эми алардын туугандары изделип, жакындары табылбагандарды селсаяктар үчүн уюштурулган кабыл алуу жайларына өткөрүп беришет. Эскерте кетсек, жакында эле сууктан 3 үй жайсыз адам өлгөн. Бул көрүнүштү алдын алуу үчүн шаардык ички иштер башкармалыгы кыш бүткөнчө рейдке чыгып турмай болду.
“Иш мерчемдердин негизинде рейдке чыгып турабыз. Булар өлүп калбасын деп атпайбызбы” - деп билдирди Кабыл алып, бөлүштүрүү жайынын жетекчисинин орун басары Мурат Абдылдаев.