Жаңылыктар
Кыргызстан күрөш боюнча Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүшү мүмкүн
Спорт
Кыргызстан күрөш боюнча Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүшү мүмкүн

Кыргызстан 2024-жылы Парижде (Франция) өтүүчү Олимпиада оюндарына күрөш боюнча квалификациялык турнирди өткөрүүгө арыз берет.

Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

«Эл аралык күрөш федерациясы Бишкекте өтүүчү рейтингдик турнирге болгон даярдыкты жогору баалады. Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына Азиянын лицензиялык турнирин өткөрүүгө биринчи талапкер экенибизди дагы бир жолу тастыктадык», - деди ал.

Париждеги Олимпиадага чейин 6 тандоо турнири уюштурулат. 2023-жылкы дүйнөлүк чемпионат, 2024-жылкы дүйнөлүк тандоо мелдеши жана 2024-жылкы континенталдык турнирлер пландаштырылган.

Кыргызстан 2024-жылдын 12-14-апрелине белгиленген Азиядагы континенталдык тандоону өткөрүүгө талапкер болууда.