Жаңылыктар
Кыргызстандык алты спортчу коло медаль үчүн ат салышат
Спорт
Кыргызстандык алты спортчу коло медаль үчүн ат салышат

Бишкекте бүгүн, 1-июнда Бириккен күрөш дүйнөсүнүн күрөшү боюнча рейтингдик турнир старт алды.

Биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулат. Килемге Кыргызстандан 15 спортчу чыкты.

Жарым финалдын жыйынтыгы менен 6 кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн күрөшөт. Алар Балбай Дордоков жана Афтандил Таалайбек уулу (60кг), Дастан Кадыров, Баяман Каримов (63 кг), Азат Салидинов (87 кг), Бексултан Махмудов (97 кг)

Калган 8 кыргызстандык балбандар жеңилип, байгелүү орундарга курөшүү мүмкүнчүлүгүнөн куру калышты. Алар Таалайбек Бейшенбек уулу (55 кг), Акыл Сулайманов (60 кг), Тынар Шаршенбеков, Аманат Самат уулу, Амантур Исмаилов (67 кг), Калидин Асыкеев жана Мелис Айтбеков (87 кг), Үзүр Джузупбеков жана Артык Орозбеков (97 кг).