Жаңылыктар
Бүгүн Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Транспорт жана жол чарба кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө стратегиялык маанидеги жолдор салынып жатат.  

Эскерте кетсек, акыркы жылдары автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда каттам салууга көңүл буруу бул - өлкөнүн транзиттик мамлекетке айлануусуна өбөлгө болот. Жолдорду куруу, оңдоо иштери Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында дагы каралган.