Жаңылыктар
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасына келди.Тажикстандын Президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.