Жаңылыктар
“Борбор Азия – Европа Кеңеши” саммитин 170 журналист чагылдырууда
Кыргызстан жаңылыктары
“Борбор Азия – Европа Кеңеши” саммитин 170 журналист чагылдырууда

Бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Атада Борбор Азия Мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусун чагылдыруу үчүн уюштурулган басма сөз борбору өз ишин баштады.

Басма сөз борборунда журналисттердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналисттер чагылдырууда.