Жаңылыктар
Быйыл чек ара тынч
Чек ара
Быйыл чек ара тынч

 Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстандын чек ара тилкелериндеги мыйзамсыз окуялар эки эсеге кыскарды. Ал эми, Казакстан менен Кытай мамлекеттери чектешкен аймактарда дээрлик мыйзам бузуу фактысы катталган жок. 

Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Бакыт Жылтыров Ош шаарындагы чек ара отрядында, офицерлерге наам ыйгаруу учурунда билдирди. Иш-чара 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган ыкчам жыйындын алкагында өттү.

"Бул жетишкендиктерге албетте, кызматкерлерибиздин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу менен тынбай иш алып барып жатканыбыздын жемиши, мындан сырткары, биз коңшу өлкөлөр менен тажырыйба алмашып турабыз" - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Бакыт Жылтыров.