“Борбор Азия - Европа Биримдиги”. Дүйнөлүк алкактан алып караганда геосаясий курч жагдайга карабастан Чолпон-Ата шаарында экинчи саммит өткөрүлүп жатат.
Эксперттер учурда эки региондун бир гана саясий эмес, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташуусун кеңейтүү өтө маанилүү деп эсептейт. Кыргызстан төрагалык кылып жаткан бул ири иш-чаранын өлкөгө тийгизген таасири кандай?