Жаңылыктар
Казармандагы аэродром оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Казармандагы аэродром оңдолууда

Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 

Маалымата ылайык, азыркы учурда аэродромду оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата аэродромдун учуу-конуу тилкеси, учактын токтоочу жайлары жана башка бөлүктөрүнө туурасы 5 метр болгон жалпы 410 метр асфальт төшөлдү. 

Иштерди "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы аткарып жатат.