Жаңылыктар
Медицина тармагын жакшыртууга Германия каражат бөлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Медицина тармагын жакшыртууга Германия каражат бөлөт

Министрлер кабинети Германиядан 4,5 миллион евро алуу боюнча макулдашты. 

Бул туурасанда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, каражатка Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылууда. 

Аталган келишим энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шарттарын жакшыртууга чоң салым кошору белгиленди. Каражат грант же кредит түрүндө берилери айтылган эмес.