Жаңылыктар
Укмк: "Кадастрдын" райондогу жооптуу кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Укмк: "Кадастрдын" райондогу жооптуу кызматкерлери кармалды

Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. 

Бул туурасында атайын кызмат кабарлады. 

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдеринин негизинде, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактыларын аныкталды. 

Бул факт боюнча, Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери, жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан. Ушул жылдын 2-июнунда УКМК кызматкерлери тарабынан пара берүү беренеси менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы жана жетектөөчү адис УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты. Кармалгандар Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында жерди алдаган бир нече фактыларды документтештирүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.