Жаңылыктар
"Ак-Тилек" бекетинде унаалардын узун кезеги бар
Кыргызстан жаңылыктары
"Ак-Тилек" бекетинде унаалардын узун кезеги бар

Кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл өткөрмө пунктулары штаттык режимде иштеп жатат.

Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Бүгүн саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча "Ак-Тилек" бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезекке туруп калганы байкалууда.

Бул Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын башка өлкөлөргө экспорттоо сезону көбөйгөнүнө байланыштуу экени айтылды. Башка кыргыз-казак көзөмөл-өткөрүү пунктуларында адамдардын жана машиналардын чогулганы катталган жок. Кыргыз тараптан жүк ташуучуларды чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө эч кандай чектөө жоктугу белгиленди.