Жаңылыктар
Бишкекте жүк ташыган унаалардын жүрүүсүнө чектөө кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жүк ташыган унаалардын жүрүүсүнө чектөө кирди

1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо Бишкек шаарында жүк ташуучу унаалардынжүрүшүнө чектөө киргизилет. 

Муниципалитеттен билдиришкендей, салмагы 18тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюусалынды. Тыюу салуу тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардыкжардамдарды, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга жайылтылбайт.“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Жол кыймылынын коопсуздугункамсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте шаардын айланасына кошумча жолбелгилерин орнотот. 

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечиримсурайт жана жол инфраструктурасына кам көрүүнү суранат.