Жаңылыктар
Айыл чарбасын каржылоого 54,27 млрд сом насыя берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарбасын каржылоого 54,27 млрд сом насыя берилди

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору башталгандан бери 126 миң 430 чарбалык субъектилерге 54,27 млрд сом суммасында кредит берилди.

Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

"Мал чарбачылык" тармагы боюнча 100 миң 303 субъектке 34,96 млрд сом, "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 23 миң 658 жаранга 8,46 млрд сом, "Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү" тармагы боюнча 2 миң 469 жаранга 10,85 млрд сом берилген. Үстүбүздөгү жылдын 25-майына карата бул долбоордун алкагында республиканын 5 миң 636 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2 млрд 540,3 млн сом өчөмүндө жеңилдетилген насыя берилген. Долбоорча насыялар "РСК банк" жана "Аыл банк" аркылуу берилүүдө. Кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сомду түздү.