Жаңылыктар
Кыргызстанда спорттун Иайдо түрүн өнүктүрүү колго алынууда
Спорт
 Кыргызстанда спорттун Иайдо түрүн өнүктүрүү колго алынууда

Кыргызстанда спорттун Иайдо түрүн өнүктүрүү колго алынууда. Бул үчүн Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги «Шисейкан» иайдо федерациясы менен биргеликте 7-Иайдо фестивалын өткөрдү. 

Фестиваль Бишкек шаарындагы «Сейтек” балдар борборунун чоң залында болду. Анда кыргызстандык спортчулар келген конокторго жогорку деңгээлде өнөрлөрүн тартуулашты. 

Фестивалдын максаты - Жапония менен Кыргызстандын ынтымагын бекемдөө жана эки элдин маданиятын жайылтуу. Иайдо фестивалы 2010-жылдан бери жылына бир жолу уюштурулуп келет.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118