Жаңылыктар
Түрк тилдүү элдердин тамак-аш этнофестивалы
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк тилдүү элдердин тамак-аш этнофестивалы

Чуңкурчак жайлоосунда биринчи эл аралык түрк элдеринин салттуу тамак-аш этнофестивалы өттү. Ага түрк дүйнөсүндөгү 7 мамлекеттин эл аралык деңгээлдеги мыкты ашпозчулары катышты. Фестивалда ар бир мамлекет эт, сүт, дан азыктарынан жасалган азыктарын, улуттук суусундуктарын тартуулады. Мындай фестиваль эми жыл сайын өткөрүлмөй болду.