Жаңылыктар
Кыргыз футболдук союзунун кезектеги конгресси өтөт
Спорт
Кыргыз футболдук союзунун кезектеги конгресси өтөт

10-июнь күнү Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик имаратында КФСтин Кезектеги Конгресси болот. Салттуу түрдө анын алкагында КФСтин ишмердүүлүгүн жана ата-мекендик футболду өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык чечимдер кабыл алынат.

Кыргыз футболдук союзунун жогорку башкаруу органы болгон Конгресске, футболдук лига, клубдардын, аймактык ассоциациялардын жана футболду өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүктү жүргүзгөн, КФСтин курамына кирген уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Жыйындын жүрүшүндө конгресстин компетенциясына тиешелүү маселелер чечилет. Күн тартибинин башкы темалары: 2022-жылкы уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө отчетунун кароо, өткөн жылдын финансылык жана аудитордук отчетторду бекитүү, ошондой эле КФСтин Шайлоо жана Апелляциялык комитеттеринин мүчөлөрүн шайлоо. Андан сырткары, «Талант» клубунун КФС мүчөлүгүнө кабыл алуу боюнча арызы каралат.