Жаңылыктар
Ош: жер мунапысынын алкагында 28 жаранга кызыл китеп берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: жер мунапысынын алкагында 28 жаранга кызыл китеп берилди

Жер мунапысынын алкагында 28 жаранга кызыл китептер берилди, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна ылайык, күн мурун Ош шаарындагы Монуев көчөсүнүн 28 жашоочусуна кызыл китептер тапшырылды. 

Мэриядан министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан жер мунапысынын алкагында бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалашты.