Жаңылыктар
Акылбек Жапаров "Цзыцзинь" корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров "Цзыцзинь" корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өз кезегинде “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү министрлер кабинетине “Алтынкен” Жоопкерчилиги чектелген коомунун инвестициялык долбоорун ишке ашырууда туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы башка инвестициялык долбоорлоруна катышууга кызыкдарлыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, “Алтынкен” ЖЧКсынын капиталынын 40% - “Кыргызалтын” ААКсына, 60% - “ЦзыЦзинь” корпорациясына тиешелүү. “Алтынкен” ЖЧКсы геологиялык чалгындоо, кен казуу, пайдалуу кендерди байытуу жана эритүү, кайра иштетүү жана даяр продукцияны сатуу менен алектенген биргелешкен кыргыз-кытай ишкана.