Жаңылыктар
Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 377 млрд сомдон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 377 млрд сомдон ашты

Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 377,2 миллиард сомго жетти.

Бул туурасында Улуттук банк билдирди.

Мында белгиленгендей, депозиттердин көлөмү гана эмес, учурдагы эсептердеги акча да эске алынат. Депозит марттын аягында – 352,9 миллиард сом, апрель айынын аягында – 377,2 миллиард сом болгон. Башкача айтканда, депозиттик база 24,3 миллиард сомго көбөйгөн. Бул негизинен күндөлүк эсептердеги каражаттардын жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттердин көбөйүшү менен шартталган.

Мөөнөттүү депозиттердин көлөмү 3 миллиард сомго жакын өстү. Өткөн жылдын апрель айынын аягында жалпы депозиттик база 226,2 миллиард сомдон бир аз ашкан. Башкача айтканда, бир жылдын ичинде аманат акчалар дээрлик 151 миллиард сомго өстү.