Жаңылыктар
Таалатбек Масадыков эл аралык мамилелер боюнча француз делегациясы менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Таалатбек Масадыков эл аралык мамилелер боюнча француз делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Франциянын Куралдуу күчтөр министрлигинин эл аралык мамилелер жана стратегия боюнча Башкы башкармалыгынын Европа, Түндүк Америка жана көп тараптуу аракеттер департаментинин директору Гийом Олланье менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге байланыштуу регионалдык коопсуздук боюнча, Афганистандагы учурдагы кырдаалдын өрчүшү жана анын регионго тийгизген таасири боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, ошондой эле Борбор Азиядагы жана саясий-стратегиялык деңгээлде жалпы эле дүйнөдөгү кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.  

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.