Жаңылыктар
Күндүн темасы: дүйнөнү учак менен айланган Союзбек Салиев менен маек
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: дүйнөнү учак менен айланган Союзбек Салиев менен маек

Бүгүн КТРКнын Биринчи радиосунда түз эфирде Борбор Азияда алгачкы жолу дүйнөнү учак менен айланып учкан, саякатчы Союзбек Салиев менен анын саякатын Бишкекте көзөмөлдөп турган учкуч Абдыманап Мааткадыров болду.  Учкуч өзүнүн жер шарын айланып чыккан саякатын 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25-жылдыгына арнаган.

Ааламды учак менен кыдырууну Союзбек Салиев 10 жылдан бери пландап келген. Аракети ишке ашып, бир нече ай чоң даярдыктардан кийин саякатчыны борбор калаадан 25-августа жакын санаалаштары чоң салтанат менен узаткан.

Учкучтун штурманы Литва өлкөсүнүн 72 жаштагы жараны Йонас Жукнус болду. Тажрыйбалуу учкуч 2012-жылы жер шарын айланып учкан экен. Учкучтар 2 ай ичинде Араб чөлдөрүн, Африка саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дарыясын басып өтүп, жеңил, бир моторлуу учак менен дүйнөнүн 26 өлкөсүнүн үстүнөн учуп, жалпысынан 47 миң чакырым жолду артка калтырды.

"Ар бир жаран өзүнүн өлкөсүнө пайдалуу иш кылышы керек, мен өз өлкөмдү дүйнөгө таанытууну максат кылдым. Оор жолду басып, аман эсен элимди көрүп атканыма шүгүр" - дейт Союзбек Салиев.


Саякат учурунда оорчулуктар да болбой койгон жок. Учкучтар Филлипин аралдарында тайфунга кабылып, катуу бороондон жеңил учак менен качууга туура келген. Миңдеген чакырымдагы учу-кыйыры көрүнгүс океандардын үстүнөн, үлп эткен жел жок, ысык кумдуу чөлдөрдүн үстүнөн учуп өтүү кооптуу болду дейт саякатчы.

Учактын учушун жана кайсыл өлкөдө учуп бара жатканын Бишкекте туруп көзөмөлдөп турушкан. Байланышка чыгуу мүмкүнчүлүк болбогон жердин башка бөлүгүнөн учак менен Союзбек Салиевдин досу, учкуч Абдуманап Мааткадыров спутник аркылуу байланышып турган.



Кыргызстандык саякатчы  учар алдында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун колунан Кыргызстандын желегин алып, өзүнүн жер шарын айланып чыккан саякатын II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арнаган. Ал дагы саякатын улантаарын кошумчалап, жаштарды дүйнө кезип, жер кыдырууга чакырды.