Жаңылыктар
Ленин округунда кайрадан шайлоо өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ленин округунда кайрадан шайлоо өтөт

Ленин округунда кайрадан шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин районунан депутаттыкка талапкерлер Улан Сариев менен Дамира Ниязалиеваны каттооcун жокко чыгарды.

Шайлоо 28-майда өткөн. Добуш берүүгө 17 миң 423 жаран, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95%ы катышты. Шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзөт. Алдын ала маалымат боюнча, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Ал 6 миң 242 добуш же 35,83% алган.

Бирок, шайлоо аяктаган соң аудио жазуу пайа болуп, анда депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял У.Р. аттуу адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан талапкер Улан Сариевге карата добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козголгон.