Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев куралдуу кагылышууда жабыркагандарга жардам көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев куралдуу кагылышууда жабыркагандарга жардам көрсөттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыгынан алган жаракатынан улам майып болуп калышкан Баткен облусунун тургуну, 3 баласы менен дарыланып жаткан Джулдибоева Шоира менен жеке жолугушуу өткөрдү. 

Дарыгерлердин сунушу менен Жулдибоева жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл, ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткен облусуна үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт. 

Өз кезегинде Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, ошондой эле дарыланууга материалдык жардам көрсөттү. Шоира Жулдибоева былтыр сентярда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу учурунда коопсуз жакка качып бараткан унаа аварияга учурган. 

Автоунаада 24 адам болгон, алардын 12си алган жаракаттан улам каза болгон, анын ичинде Шоира айымдын жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу Абдырашидов Максатбек жана кызы Сумай Абдырашитова да болгон.