Жаңылыктар
Манасчы Д.Сыдыков Башкортостанда өткөн айтуучулардын сынагында 1-орунга ээ болду
Маданият
Манасчы Д.Сыдыков Башкортостанда өткөн айтуучулардын сынагында 1-орунга ээ болду

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Башкортостанда өткөн эпос айтуучулардын фестивалында 1-орунду алды. 

Уфа шаарында өткөн сынакка кыргыз, казак, хакас, ногой, тува, башкыр, якут жана алтай элинин өнөрпоздору катышты. 

Сыдыков сынактын биринчи күнүндө "Манас" эпосунун "Алмамбеттин окуясын" айтса, экинчи күнү "Семетейден" "Каныкейдин Тайторуну чабышын" айткан. 

Айтуучулардын сынагы быйыл биринчи жолу уюштурулду.