Баткен районунда узундугу 14 км болгон Кара-Кол каналын куруу иштери жүрүүдө. Ири долбоор үчүн республикалык бюджеттен 27 млн сом каралса, эл аралык уюм 26 млн сом грант берген. Ирригациялык ири объект ишке берилсе миң гектар жер сугат суу менен камсыз болот.