«Вест Хэм» Конференция лигасынын финалына «Фиорентина» командасын 2:1 эсебинде жеңип, турнирдин чемпиону болду.
Саид Бенрахма 62-мүнөттө лондондук команданы алдыга чыгарса, 5 мүнөттөн кийин Джакомо Бонавентура эсепти тең салмакка алып келди. Ал эми 90-мүнөттө Джаррод Боуэн бирге-бир чыгып, чечүүчү топтун автор болду.