Жаңылыктар
Месси карьерасын АКШ чемпионатында улантат
Спорт
Месси карьерасын АКШ чемпионатында улантат

Аргентина улуттук курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси карьерасын АКШ чемпионатында улантат.

Учурдагы дүйнөнүн чемпиону «Интер Майами» командасы менен келишим түздү. Бул клуб Дэвид Бэкхэм жетектеген «Майами Бекхэм Юнайтедге» таандык.

Былтыркы сезонду Месси «ПСЖ» командасында өткөргөн. Ал жакта Франция чемпионатын уткан.