Жаңылыктар
Мухаммадали Гераеи Акжол Махмудов менен беттешкиси келет
Спорт
Мухаммадали Гераеи Акжол Махмудов менен беттешкиси келет

Ирандык балбан Мухммадали Гераеи кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовду токтотууга даяр экенин айтты.

UWW уюму социалдык баракчасына Махмудовдун видеосун киргизип, “Акжолду ким токтото алат?” деген жазуу калтырган. Комментарийге Гераеи “мен даярмын” деп жазган. Андан тышкары, “мен анын шаарында жүрдүм, бирок аны көрө алган жокмун” деп кошумчалады.

Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде Гераеи 77 кг ченде 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Махмудов бул турнирге катышкан эмес.

Эске салсак, Гераеи жана Махмудов 2018-жылы Индонезияда болгон Азия оюндарында кезигип, ирандык балбан утуп алган.