Жоламан Шаршенбеков мыкты балбандар тизмесинде 1-орунду сактап кала алды.
Жаңыланган UWW рейтинги Бишкекте 1-4-июнда өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Шаршенбеков Бишкекте мелдешке чыккан жок, бирок 60 кг салмакка чейинки спортчулар арасында рейтингде 1-орунду сактап кала алды.
Эрназар Акматалиев да жаңыланган рейтингде 1-орунду ээлеп, Бишкекте өткөн турнирде коло байгеге ээ болгон.