Жаңылыктар
Ислам Махачев Бенеил Дариуш менен беттешкиси келет
Спорт
Ислам Махачев Бенеил Дариуш менен беттешкиси келет

11-июнга караган түнү Ванкуверде UFC 289 турнири болот. Анда кыз-келиндер арасында 61 кг ченде Аманда Нуньес атаандашы Ирен Альданага каршы титулдук беттеш өткөрөт.

2021-жылы декабрда Нуньес Джулианна Пеньяга утулуп, титулун тарттырып жиберген. Бирок реваншта каршылашын жеңип, чемпиондук курун кайтарган.

Ошол эле кардда жеңил салмактын мурдагы чемпиону Чарльз Оливейра жана Бенеил Дариуш беттешет. 2022-жылы октябрь айында Оливейра россиялык Ислам Махачевге жеңилип калган. Ошондон бери октагонго чыга элек.

Ал эми Бенеил Дариуш 8 беттештен бери жеңилүү ызасын тартып көрө элек. Бирок эч качан титул үчүн беттешкен эмес.

Дариуш Оливейраны жеңсе, Ислам Махачев менен титул үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Бенеил өзү айтты. Ошондой эле, Ислам Махачев дагы Бенеил Дариуш менен октагонго чыгууга кызыкдар экенин билдирген.

«Дариуш жеңет деген ниеттемин. Анткени Чарльз Оливейра менен жолуккам. Мага жаңы чакырык керек»-деп жазган.