Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылындачайканадан өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, А.Нураков №1 көчөсүндөгү жалпы аянты308 чарчы метрди түзгөн чайкана толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, таңкы саат 05:01де жалын толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсык катталганжерден куткаруучулар 59 жана 87 жаштагы адамдардын сөөгүн таап, милициякызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.