Жаңылыктар
Жаңы маалымат күркөлөрү ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы маалымат күркөлөрү ишке кирди

Кыргыз жарандары Орусияга кирер алдында кара тизмеде бар-жогун жаңы маалымат күркөсүнөн текшере алышат. 

Мындай LED-экран "Манас "эл аралык аэропортуна орнотулду. Ал жерден жарандар мыйзамдуу жана коопсуз миграция жөнүндө, жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты бар болгон иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер жөнүндө, чет өлкөдө жүрүп түрдүү жагдайдан улам көз жумгандарды мекенине жеткирүүчү "200чү жүк" кызматынын чыгымдары боюнча, чет өлкөлөрдөгү мекемелердин тизмеси жана алардын даректери туурасындагы маалыматтарды ала алышат. 

Маалыматтык күркөлөр ошондой эле кооптуу жана мыйзамсыз миграция агымынан коргоого дагы жардам берет.