Жаңылыктар
Садыр Жапаров Желька Цвиянович менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Желька Цвиянович менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Казакстанга болгон иш сапарынын, Эл аралык Астана форумунун алкагында Босния жана Герцеговинанын Президиумунун Төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту. 

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги жөнүндө баарлашты. Алар биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүн болоруна ишенимин билдиришти. Эки өлкөдө тең саясий байланыштарды, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн жетиштүү потенциал бар экени белгиленди. Эки лидер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөлөрүнө сапар менен барууга чакырышты.