Жаңылыктар
УКМК: "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында коррупциялык схема аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында коррупциялык схема аныкталды

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында коррупциялык схема аныкталды. УКМКдан кабарлагандай, мекеменин Ысык-Көлдөгү филиалынан -- Бишкектин жылуулук берүү борборуна көмүр жеткирүүдө жана Балыкчы шаарынын кампаларында сактоо учурунда, уурдалып, сатылып келген. 

Алдын ала аудиттин корутундусуна ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында алты жарым мин тоннага жакын кара алтын тартыштыгы болгон. Бул жалпысынан 19 млн сомду түзгөн. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталган. 7-июнда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынган. 

Бул кылмышка шектүү делип филиалдын директорунун орун басары кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп, келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.