Жаңылыктар
Садыр Жапаров Астанада глобалдык көйгөйлөрдү көтөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Астанада глобалдык көйгөйлөрдү көтөрдү

“Кыргызстан глобалдык чакырыктар менен коркунучтардын маанилүүлүгүн түшүнүп, аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр. 

Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Эл аралык Астана форумунда сүйлөп жатып билдирди. Анда Мамлекет жетекчиси “жашыл экономика”, климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу, энергетика, глобалдык рынокторго чыгуу үчүн транспорттук коридорлорду түзүү багыттарына кенен токтолуп, бул жааттарда чогуу-чаран кызматташуу зарыл экенин баса белгиледи.