Борбор калаада таза суу боюнча көйгөй курч бойдон калууда. "Бишкек суу канал" ишканасы жарандарды ичүүчү сууну сарамжал колдонууга чакырып, жер үйдө жашагандардан бак-дарактарды сугарууну токтотуп турууну суранды. Анткени барган сайын жер астындагы суу тартылып, азаюуда. Жашоочуларга калаа бийлиги унаа менен ташып таратууда.