Жаңылыктар
Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтөт

Эртең, 10-июнда, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өтөт.

Ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.

Республиканын бардык жарандарын айлана-тегеректеги аймактарды тазалоого, үй жанындагы участокторду көрктөндүрүүгө, айланабызга ыңгайлуу шарт түзүүгө активдүү катышып берүүгө чакырабыз.