Жаңылыктар
Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү

Казакстанда токойдо чыккан өрттүн кесепетинен 14 адам каза болду. 

Бул тууралуу коңшуөлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Казакстандын Абай облусундагытокойдогу тилсиз жоо бейшемби күнү чагылгандан кийин башталган. Өрттөн"Семей Орманы" коругунун 14 жумушчусу каза болду. Тилсиз жообак-дарактуу аянттын 60 миң гектардан ашыгына жайылган. Аны өчүрүүгө 300техника, 1500гө жакын адам жана 11 тик учак тартылган. 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-июнду өлкөнүн чыгышындагы ири өрт кырсыгында казаболгондор үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Кечээ КыргызстандынПрезиденти Садыр Жапаров Токаевге токой өрттөрүнөн курман болгондоргобайланыштуу көңүл айткан.