Жаңылыктар
Өнөр жай өндүрүшү
Кыргызстан жаңылыктары
Өнөр жай өндүрүшү

Быйыл беш айда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 165 миллиард сомдон ашты. 

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү. Бул текстильөндүрүшүндөгү, кийим жана бут кийим, булгаары буюмдары, фармацевтикалык жанахимиялык продукцияларды, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялыкишмердиктеги, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын, тамак-ашазыктарын жана тамеки азыктарын өндүрүүдөгү, ошондой эле пайдалуу кендердиказуудагы көлөмдүн жогорулашынын эсебинен камсыздалды. 

Ошондой эле курулушта оңтенденциялар байкалган. Анда көлөмдүн көбөйүшү 4,6 пайызды, айыл чарбасында 2,4пайызды, дүң жана чекене соодада 15,4 пайызды түздү.