Жаңылыктар
Сеул-Бишкек-Сеул авиакаттамы
Кыргызстан жаңылыктары
Сеул-Бишкек-Сеул авиакаттамы

«Манас» эл аралык аэропортуна Кореянын авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учагы келип конду. Эми жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борбору Сеулга Бишкек шаарынан түз уча алышат. 

Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Учактын Сеул шаарына конуусу жекшемби күнү, ал эми Бишкектен учуу убактысы дүйшөмбү күнү аткарылат.