Жаңылыктар
«Токтогул ГЭС - Датка» жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында изоляторлор алмаштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
«Токтогул ГЭС - Датка» жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында изоляторлор алмаштырылды

"Токтогул ГЭС - Датка" жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында 770 даана изолятор алмаштырылды. 

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө кызматынын Кара-Көл, Избаскент, Жалал-Абад участкаларынын адистери, 3 бригада болуп иш алып барды. Аба чубалгылар тоо кыркаларында жайгашкандыктан кызматкерлер ошол аймактарда жашап, иштеп жатышат. Оңдоп-түзөө жумуштары жаз-күз айларында эки жолу жүргүзүлөт. 

Эскерте кетсек, бул аба чубалгысы 1972-жылдары курулуп, 1974-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы узундугу 80 чакырымды түзөт, 252 даана электр мамычадан турат. Анын 181и анкердик электр мамычалар. Чубалгы Кара-Көл шаарынын жана Ноокен, Базар-Коргон райондорунун аймактарында жайгашкан.