Жаңылыктар
Зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге кетти

Бүгүн 672 кыргызстандык ажылык сапар үчүн Меккеге жөнөп кетти. Бул тууралуу муфтияттан билдирди. 

Аларды 15 ажы башчы коштоп барат. Зыяратчылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат. Ал эми зыяратчылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Аравияга жөнөп кетишет. 

Эске сала кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Анын баасы 3900 долларды түзөт.