Жаңылыктар
Германиядагы чечен качкындары өлкөгө коркунуч жаратуудабы?
Дүйнө
Германиядагы чечен качкындары өлкөгө коркунуч жаратуудабы?

“Германиядагы  чечен качкындары   байкалбаган  коркунучбу? Мындай суроонун тегерегинде  Focus   журналынын кабарчысы  Кристиан Остхольд  макаласын жазып чыкты. Немис кесиптешибиздин айтымында Германияда миграциялык кризиске байланыштуу Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан келген 1,5 млн  качкындар баш паанек тапты. 

Ошол эле маалда немис коомчулугунун  басымдуу бөлүгу    жакынкы убакыттан бери качкындардын арасында россиялык  Түндүк  Кавказдан келгендер көбөйгөнүн байкабай жаткан учуру. Анткени өткөн жумада Германияда  терроризмге каршы  операциялар жүргүзүлгөнү жогоруда сөз болгон абалга абдан көңүл бурууну талап кылат. 25-октябрда,  Чеченстандык   14 адам  мамлекетке каршы кутум  уюштурушкан деген айып менен камалды. Алардын бириин ДАИШтин катарына кошулуу максаты болгону аныкталган. Ал эми калгандары Германиядан террорчул уюмдадарды каржылашкан- деп жазылат макалада.

Ошондой эле автор: Кармалгандар Германия бийлигине качкын макамын алуу үчүн кайрылган- дейт.  Анын көз карашында Европада чечен качкындар диний негизде кагылуушуларга катышып жатканы коркунуч жаратат. Мисалы:  2014-жылы Саксониянын  Целле шаарында чечен  жана  езиддердин ортосунда айыгышкан көчө  мушташуулары орун алып, андан 10догон адамдар жаракат алган. Чечендер бул кагылышта  исламчыл ураандарды кыйкырганы менен айырмаланышты. Жадагалса качкындар  лагеринде эки улуттун ортосунда ушундай кагылышуу биринчи  жолу эмес. Үстүбүздөгү жылдын май  айында немис бийлиги Билефельд калаасындагы  качкындардын лагеринен   100 качкын езиддерди башка жерге көчүруугө мажбур болду. Себеби чечендер менен мушташкандан кийин беш езид бейтапканага   оор абалда түшкөн.

Андан сырткары  немис бийлигинен  качкын макамын  берүү туралуу  өтүнгөн  “аз сандагы чечендер, исламчыл көз карашта”. Бранденбург  федералдык аймагынын  өкмөтүнүн маалыматы боюнча  такай көзөмөлдөнгөн радикалдуу исламчылардын 70 пайызы чечен тектүүлөр.

Ал эми Германиянын кошунасы расмий Вена билдиргендей  Австриядан Сирияга кеткен ар бир экинчи жихадчы чечен тектүү экени белгилүү. Австрияда 30  миң  чечен  жашайт. Анын жарымы Вена шаарынын тургундары-деп Кристиан Остхольд  макаласын жыйынтыктады

Кытай  байларынын 60 пайыздан көбү өлкөдөн көчүп кетүүгө даяр. Бул Гонкондук The South China Morning Post гезитинин  макаласы.  Басылма    Кытайдын эң байлары чет өлкөдөн  кыймылсыз мүлккө инвестиция  салып жана үч  жылдын ичинде башка мамлекетке көчүп  кетүү мүдөөсү бар деп жазып чыкты. Анкени кытай байлардын арасында ушул көйгөй туралуу  Hurun Report журналы менен америкалык  Visas Consulting Group сурамжылоо жүргүзгөн.

Жогоруда сөз болгон капчыгы калыңдар келечекте  Америка Кошмо Штаттарындагы жайгашкан Лос-Анжелес, Сан-Франциско жана  Сиэтл калааларында жашагысы келет.

Россиялык lenta.ru интернет булагынын журналисти Иван Зуенко да Кытай темасына кайрылып, “ Кытай Коммунистик партиясынын бийлиги  жана  өлкөнү шаарлаштыруу “ аттуу макаласын жазып чыкты. Анын айтымында Кытай Элдик Республикасы күндөн-күнгө өзгөрүүдө. Өзгөрүүлөр тез ылдамдыкта жүрүп аны артка кетет деп айтканга болбойт . Мурдагыдай   Кытайдын  айыл жергеси  жарды  деген түшүнүк  бүгүнкү күнгө  туура келбейт.  

Даңазалуу Дэн Сяопин жана анын мураскорлорунун аракети менен  Кытай  жакыр мамлекеттен кудуреттууу    дүйнөлүк державага айланды. Көпчүлүк  адистер  Кытайдын  экономикасын талдагоо алган учурда  миңдеген жылдар бою  жер иштетип калыптанган  цивилизация шаарга оой баштаганын  этибарга алган жок. Беш жыл мурда кытай статистикасынын маалыматы боюнча өлкөдө калаанын калкынын саны  айылдын тургандарына караганда саны кыйла өстү –деп автор макаласында баса белгилейт . Орус  кесиптешибиздин көзкарапшында  азыркы күндө  мамлекетте  шаарлар көбөйүп  жана кыштактардын турмушу   башка нукка өзгөрүүдө.   Айыл инфраструктурасынын өнүүгүсүнө  миллиардаган  кытай акчасы агылып келүүдө. Ошону менен  айыл -кыштактагы дыйкандар  массалык түрдө кесибин алмаштырып жана жаңы кесип чөйрөсүнө ыңгайлашуу  саясаты акырындык менен иш-жүзүнө ашууда.

Экономикалык улуу  кризисте , көпчүлүк  өлкөлөр мурункудай  кытай товарын сатып алуудан баш тартып жатат. Ошондуктан расмий  Пекин  мурдагыдай экономикасын  экспортко багыттабай ,ички мүмкүнчулүгун кеңири колдоого басым жасоодо.

Кытай миңдеген жылдар бою  өзүн  өзү камсыздап келген системаны калыбына келтирүүдө .Себеби Кытай тарыхында  өндүргөн продукциясын калк керектөөсүнөн артканын  Уулу Жибек жолу аркылуу тышкы рынокко чыгып турган. 19- кылымда Англия Кытайга апийимден  башка  кайсы товарын сунуштарын билчү эмес- дейт Зуенко макаланын акырында.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов .

Тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев