Жаңылыктар
Футбол боюнча Ооганстан курамасы турнирден четтеши мүмкүн
Спорт
Футбол боюнча Ооганстан курамасы турнирден четтеши мүмкүн

10-июнда Бишкекте Борбор Азия футбол ассоциациясынын курама командаларынын ортосундагы биринчи турнир Кыргызстан менен Ооганстандын курама командаларынын беттеши менен башталды.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон беттеште кыргызстандык акыркы мүнөттө жеңишти камсыздады. Оюнчулар жана күйөрмандар голду майрамдап аткан учурда калыстын чечимине нааразы болгон Ооганстан курамасынын башкы машыктыруучусу команданы талаадан чыгарып кеткен. Анын айтымында топ кыргызстандык футболчунун колуна тийген.

Ооганстан курамасынын футболчулары талааны таштап кеткен соң, бир канча мүнөттөн кийин башкы калыс финалдык ышкырыкты жаңыртып, беттеш 1:0 эсебинде аяктаган.

Улуттук командаларга арналган ирандык сайт бул оюн тууралуу макала жазып, аны - CAFA Nations Cup 2023 оюндарынын эң начар башталышы деп атаган.

Төмөндө өзгөртүүсүз макала.

Биринчи CAFA Улуттар кубогу года эң начар старт алды — ооган командасынын расмий өкүлү өз оюнчуларын оюн соңунда Кыргызстан киргизген голго каршылык иретинде талаадан кетүүгө аргасыз кылды.

Мыйзам ченемдүү көрүнгөн голдон кийин машыктыруучу талаага чыгып, топ Кыргызстан курамасынын чабуулчусунун колуна тийгенин билдирген.

Ооган оюнчулары тараптан нааразычылык болгон эмес, бирок ага карабастан улуттук кураманын расмий өкүлү футболчуларды ээрчитип кеткен.

Талаа ээлери 97-мүнөткө чейин коноктордун коргонуусун жарып өтө албай кыйналган. Анткени менен Кыргызстан курамасынын чабуулчусу беттештин акырында гол киргизген.

Бирок, ынталуу чиновниктин башка идеялары бар болчу жана баарынын маанайын бузууну көздөгөн. Ал калысты пара алды деп айыптап, бир нече кишини, анын ичинде өз оюнчуларын да түрткүлөп талаадан чыгарган. Андан соң Кыргызстан курама командасынын оюнчуларын какшыктагансып кол чапкан.

Талаадан кетүү – азыркы футболдо эч качан көрбөгөн архаикалык көрүнүш. Бирок Ооганстан азыркы футболдун реалдуулуктарына такыр туура келбейт окшойт. Калыс жана Кыргызстан курама командасынын оюнчулары атаандаш команда оюнду улантат деген ниетте күттү.

Кадимки шарттарда, ФИФАнын Оюн мыйзамдарына ылайык, эгер команда расмий футбол беттешинде нааразылык иретинде беттешти бүтүрбөй талаадан чыгып кетсе, каршылаш команда 3-0 эсебинде жеңишке ээ болот.

Кээ бир турнир эрежелери бардык башка беттештин жыйынтыктарын жокко чыгарат жана команданы турнирден чыгарат. Ооганстан CAFA Nations Cup 2023 мелдешинен четтетүү алдында турат.

Бул учурда 13-июнда Иран менен Ооганстандын беттеши болбойт.