Жаңылыктар
Өз каалоолору менен кызматын өткөргөндөрдүн артында кандай себептер бар?
Саясат
 Өз каалоолору менен кызматын өткөргөндөрдүн артында кандай себептер бар?

Апта ичи кызматтын тапшыруулар менен орун алмашууларга жык толду.   Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын  лидерлигинен  Канат Исаев өз каалоосу менен кетип, анын ордуна  Алмазбек Баатырбеков келди. КСДПчылар  Мээрбек Мискенбаев, Эльвира Сариевалар да бийликтин бийик сересин өз каалоолору менен тапшырып беришти. Эксперттер муну  алдыда түзүлө турган бийликтин курамынан өздөрүн көрө албай калганы менен байланыштырышты..  Өз каалоолору менен арыз жазуунун артында кандай себептер бар?

 Жайкы эс алуудан келген  ЖК депутаттары 14-сентябрда  ишин баштап, ошол эле күнү кечке  жуук   фракция лидерлери  жабык эшик артында жыйын куруп, көпчүлүк коалициянын лидерлигине Канат Исаев шайланган. Бирок бул коалиция өз статусун 26- октябрда жоготту. Эми анын артынан эле Исаев өз каалоосу менен “Кыргызстан”  фракциясынын лидери болуудан баш тартты. 

Муну  ММК берген интервюсунда Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине каршы экендиги менен байланыштырды. Ал  конституцияга өзгөртүүлөр  кысымдын натыйжасында киргизилбеши керек деп билдирип, бул маселеде Парламенттин пикири жашыруун добуш берүү менен өтүп, арким өз көз карашын билдириши керек деген.  

Бирок саясий эксперттер келечекте көпчүлүк  коалициянын курамына “Кыргызстан” фракциясын Канат Исаев жетектеп турган үчүн кирбей калыш ыктымалдыгын белгилешүүдө. Бирок Исаевдин лидерликтен баш тартышын саясий эксперттер - көпчүлүк коалицияга  “Республика-Ата Журт” фракциясынын кириши айдан ачык болупкалганы менен түшүндүрүшүп, келечекте президенттике камынып жүргөн Исаев өзүнүн саясий салмагын сезди деп болжошууда. Бул туурасында саясий эксперт Марс Сариев.

КСДП дептаты Мэрбек Мискенбаев да өз каалоосу менен депутаттык мандатынан баш тартты. Ал 1 жылдык  депутатык ишмердүүлүгүндө куудулдардысындаганы менен коомчулуктун эсинде калды. Парламенттен кетиш  себебин Мискенбаев фейсбуктагы жеке баракчасында бөлүштү.

М. Мискенбаев: 

арламент – бул ар кандай интригалардын жана саясий оюндардын да чордону экенине дагы бир жолу ишендим.Анда көптөгөн кызыкчылыктар кесилишет. Ал эми карапайым элдин арасынан чыккан мен үчүн мунун баары кызыксыз. Мен үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун көңүл борборунда болуу да көнүмүш эмес.
Акыркы күндөрү мына ушулардын тегерегинде ойлонуп, депутаттык мандатымды тапшырууну чечтим. Депутаттык – мен үчүн эмес экен. Ошондуктан мурдагы коомдук ишиме кайрылууну чечтим. Мен парламентке “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен келгем. Эми кайра барып, 7-апрелде жабыр тарткандарды коргоо ишин улантам." 


Аткаруу бийлигинен, Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу   Эльвира Сариева да үй-бүлөлүк абалына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында ал дагы ФБ баракчасында белгилеген. Бирок анын кызматка келишинин алгачкы  эле күндөрү – 1 күн да мугалим болуп иштеп көрбөгөн Сариева системаны талкалайт деп кооптонгондор четтен табылаар эле.Бирок мугалимдерге аттестацияни киргизүүнү демилгелеп, мектепти аяктап жаткандарга адистик билим берүү долбоорлору мыкты идея болгондугун белгилешкендер да бар.  Бирок Сариева коомчулук тарабынан көбүрөөк сынга кабылган министр болуп калды деп билдирет педогогика илимдерининкандидаты Адылбек Касымов.

 Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде Премьер- министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков кайрадан өкмөт башчылыкка бекийт. Анын азыркы убакта айрым аткаруу бийлигиндегилердин ишине ичи чыкпай жүргөн жагдайлары бар, бул учурду  ал пайдаланып калышы керек деп белгилеген.

  Н.Молдокулова