Кошунанын айынан 20 жылдан бери шыбынан суу тамчылап жашаган Бишкек шаарынын тургуну Сонун Аскалиева УТРКнын Ала-Тоо 24 каналына кайрылууга аргасыз болгон. Ал бардык тиешелүү органдарга барып майнап чыкпаганда, айласы кетип, элге алып чыгып жагдайды айтсам балким жооп болор деп үмүт артууда.